Аннотация
Машиналык окутууда визуалдык маалымат базасын изилдөө моделдерди түзүүдө өтө маанилүү ролду ойнойт. Бул эмгек Numpy, Matplotlib, Pandas жана Seaborn. китепканаларын колдонуп, агроөнөр жай комплексинин маалыматтарын визуалдаштырууну жана талдоону изилдөөгө арналган. Толук талдоо үчүн, ошондой эле маалымат базасы менен иштөө үчүн зарыл болгон шарттарда программалык камсыздоо чөйрөсүнө кирген айрым кошумча китепканалар жана Python программалары колдонулат. Өзөктүү сөздөр: Numpy, Matplotlib, Pandas, Seaborn, Python, Jupyter, Matplotlib