Аннотация
Макалада Google тиркемелеринин мүмкүнчүлүктөрүн өздөштүрүүсүнө жардам бере турган материалдарды камтыйт. Google тиркемелерин кесиптик ишмердүүлүктө колдонуунун негизги методдору, ыкмалары жана каражаттары каралган. Сунушталган материалдардын жөнөкөйлүгү жана ырааттуулугу этап-этабы менен өздөштүрүүгө мүмкүндүк берет. Google тиркемелер менен иштөө илимий жана практикалык материалдарды колдонуунун жогорку деңгээлине өтүүгө, көрсөтмөлүү жана так структураланган сабактарды өткөрүүгө, заманбап технологиялардын жардамы менен окутуунун жаңы ыкмаларын издөөгө түрткү берет.