Аннотация
. Бул макалада жасалма интеллект (ЖИ) платформаларынын билим берүү тармагындагы мүмкүнчүлүктөрү жана артыкчылыктары каралат. Маалыматтарга негизделген индивидуладуу окутуу, убакытты үнөмдөө, интерактивдүү билим берүү жана инклюзивдүү мүмкүнчүлүктөр сыяктуу ЖИнин артыкчылыктары аркылуу мугалимдердин жана студенттердин тажрыйбасы жакшыртуулары тууралуу сөз болот. Макалада Diffit, Gamma app жана Magic School AI сыяктуу платформалардын билим берүү процесстерин жакшыртуудагы жана мугалимдердин ишин жеңилдетүүдөгү ролу талданып, алардын ар бири өзүнүн уникалдуу мүмкүнчүлүктөрү менен билим берүү процессин кандайча оптималдаштырып жатканы көрсөтүлөт. Жасалма интеллекттин кеңири колдонулушу мугалимдердин сабактарды даярдоодо жана жеке билим берүү программаларын түзүүдө жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, билим берүү сапатын жогорулатып, окуучуларга эффективдүү үйрөнүү шарттарын түзүүгө өбөлгө болот. Бул макала ЖИнин билим берүү тармагындагы өнүгүшүнө жана келечектеги мүмкүнчүлүктөрүнө маанилүү көз караштарды сунуштайт.