Аннотация
Окуу процессине маалыматтык-коммуникациялык технологияларды киргизүү - математика мугалимдеринин кесиптик квалификациясын жогорулатуунун бир багыты болуп эсептелет. Мисал катары, геометриялык курулуш маселелерин GRAN 2D динамикалык геометрия программасы аркылуу чечүүнү окутуу методикасы каралган. Динамикалык геометрия программаларын колдонуу менен коюлган маселелерин чечүү усулун баяндоо жана аны математика мугалимдеринин кесиптик квалификациясын жогорулатуунун бир жолу катары сунуштоо. Математика мугалиминин кесиптик даярдык деңгээли жана педагогикалык чеберчилиги салттуу критерийлер менен катар, окуучуларды изилдөө иштерине тартуу жөндөмүнө жараша да бааланат. Динамикалык геометрия программалары мугалимге дал ушундай көндүмдөрдү өнүктүрүүгө жардам берет.