Аннотация
Бул макала, санарип дооруна кирүү учурунда бүгүнкү жана эртеӊки жаштарга математикалык билим берүүдөгү, анын педметтик - мазмундук негиздерин жанылоонун зарылчылыгы маселелери каралган. Азыркы учурда мурунку эле классикалык билим берүү система уланып келе жаткандыктан жана ал азыркы коомдо жаштарга билим берүүнун талаптарына жооп бере албай калгандыгынан, аны түп тамырынан бери кайра түздөп чыгууга мажбурлоодо. Биз карап жаткан маселе жанылануунун жолдору жана жаӊы муундагы түзүлгөн стандартты ишке ашыруунун учурдагы абалы каралат. Анткени, азыркы доордогу жаштардын электрондук - санариптик сабаттуулугунун аларды окутуп жаткан мугалим - окутуучуларына караганда бир кыйла жогору болгондугу, биздин классикалык билим берүү системабызды түп тамырынан бери кайра түздөп чыгууга мажбурлап турат.