Аннотация
Бул макалада информатика сабагында геймификацияны колдонуу аркылуу окуучулардын кызыгуусун, мотивациясын жана окуу активдүүлүгүн жогорулатуу маселеси каралат. Информатика сабагынын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен салттуу окутуу ыкмаларынын жетишсиздиги жана геймификациянын билим берүү процессиндеги ролу талданган. Оюн элементтерин сабакка интеграциялоо окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсүн, чыгармачылык жөндөмүн жана командалык иштөө көндүмдөрүн өнүктүрүүдө маанилүү экени белгиленет. Илимий баяндамада геймификациянын негизги принциптери, эффективдүү колдонуу ыкмалары жана аларды информатика сабагында ишке ашыруу мисалдары көрсөтүлгөн. Геймификацияны колдонуу менен сабакты кызыктуу, натыйжалуу жана окуучулар үчүн маанилүү окуяга айландыруу мүмкүнчүлүгүн баса белгиленет. Натыйжада, геймификация заманбап билим берүү процессинин маанилүү багыттарынын бири катары сунушталат.