Аннотация
Бул макалада микрокомпьютерлердин билим берүү процессиндеги орду жана алардын келечектеги өнүгүү перспективалары кеңири изилденет. Бүгүнкү күндө билим берүү системасы глобалдык жана технологиялык өзгөрүүлөрдүн таасири астында турат. Микрокомпьютерлер практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүү, интерактивдүү окутуу методдорун колдонуу жана технологиялуу билим берүү чөйрөсүн түзүү үчүн эффективдүү инструмент болуп саналат. Макалада микрокомпьютерлерди колдонууда кездешкен кыйынчылыктар, жабдуулар менен камсыздоо, педагогикалык даярдык жана финансылык ресурстар маселелери талданып, келечекте билим берүү процессинде алардын ролу жана мүмкүнчүлүктөрү бааланат. Ошондой эле макалада STEAM/STEM билим берүү, виртуалдык лабораториялар жана инновациялык методдорду киргизүү аркылуу билим сапатын жогорулатуу жолдору сунушталат. Изилдөөнүн натыйжалары мектептерде, жогорку окуу жайларда жана онлайн платформаларда микрокомпьютерлерди интеграциялоого практикалык сунуштарды түзүүгө мүмкүндүк берет.