Аннотация
Бул макалада интерактивдүү билим берүү платформалары мугалимдер жана окуучулар үчүн билим алуунун сапатын жакшыртууга багытталган инновациялык технологиялар болуп санала тургандыгы айтылган. Бул платформалар онлайн курстарды, тесттерди, видео сабактарды жана башка интерактивдүү материалдарды камтып, билим алуу процесси менен мугалимдерге жана окуучуларга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт. Мугалимдер өз сабактарын жандандырып, окуучулардын түшүнүгүн жакшыртуу үчүн мультимедиа элементтерин, геймификация жана интерактивдүү компоненттерди колдонууга мүмкүнчүлүк алышат. Окуучулар болсо өз ыргагында жана убактысында үйрөнүп, материалдар менен жекече иштешүү аркылуу өзүн-өзү өнүктүрүүгө мүмкүндүк алышат. Интерактивдүү платформалар окуучулардын мотивациясын арттырып, мугалимдердин сабак берүү ыкмаларын өркүндөтүүгө жардам берет. Мындай платформалардын артыкчылыктарынын бири — алар жеке тандоолорго жана муктаждыктарга ылайыкташтырылган билим берүү мүмкүндүгүн түзөт, натыйжада ар бир окуучунун өзүнүн темпинде жана стилде окуу процесси ишке ашат. Платформалардын негизинде билим берүү системасы кеңейип, заманбап талаптарга жооп берүүгө жөндөмдүү болууда. Жалпылап айтканда, интерактивдүү билим берүү платформалары мугалимдерге жана окуучуларга жаңы билим берүү ыкмаларын ишке ашырууга, окуу процесси боюнча терең маалыматтарды өздөштүрүүгө жана мүмкүнчүлүктөрдү калыптандырууга көмөктөшөт.