Abstract
Бул макала жалпы билим берүүчү орто мектептин жогорку класстарында математика курсун окуутууда, аны практикалык-профилдик (предметтик) маселелерди чыгартуу менен, окуучулардын предметтик компетенциясын калыптандырууну өркүндөтүү маселеси каралган. Математиканы окутууда математикалык аппараттардын жардамы менен практикалык-предметтик маселелерди чыгаруудагы колдонулуштары көрсөтүлүп, анын негизинде бардык педметтерди окуп үйрөнүүдө математика акыл каражаты катары катыша тургандыгы негизделген. Мындан, математиканы окутууда анын теориялык негиздерине басым жасоону азайтып, практикалык-колдонмо мазмундагы негиздерин окутуу технологиясы сунушталат. Мындай технология окуучулардын математиканы үйрөнүүгө жеткиликтүү болот жана математика предметине болгон кызыгуусуна өбөлгө түзүлөт. Ошондой эле жогорку класстын окуучулары болочоктогу кесибине карата математикалык билимдин кандай колдоно алаарын жетишээрлик деӊгээлде түшүнө алат десек жаӊылышпайбыз.