Abstract
Photoshop - ушунчалык популярдуу программа, ал дээрлик эч кандай тааныштырууга муктаж эмес. Компьютерде иштеген адамдардын көпчүлүгү бул программаны билет, бирок бары колдоно бербейт. Ошондой болсо дагы, бул программа жөнүндө билбегендерге кыскача айтып кетели. Эртеби, кечпи ар бир адам бул программанын жок дегенде кесүү, кичирейтүү жана башка инструменттерин колдонушат. Мындай нерселер үчүн фотошопту колдонууга болот бирок, фотошоптун мүмкүнчүлүктөрү аябай кенен жана чексиз. Photoshop - бул программа, жөнөкөй тил менен айтканда, сүрөттөрдү жасалгалоочу графикалык редактор. Фотошоп өзү бириктирилген инструменттердин топтомун түзөт. Сүрөтчүлөр жана дизайнерлер үчүн атайын ушунчалык кылдаттык менен ойлонуп түзүлгөн чыныгы лабораториялык иш жүргүзүүчү программа. Вектордук графикада ар кандай щеткалар жана боегучтар, текст менен иштөө, кою, сүрөт тартуу үчүн атайын инструменттери бар.