Abstract
Бул макалада дүйнөнү өз кучагына алып келе жаткан жана өтө тездик менен өнүгүп жаткан жасалма интеллекттин медицинада жана саламаттыкты сактоодо орду жана жасалма интеллектти колдонуу мүмкүнчүлүктөрү каралды. Информатика жана информатикадагы акыркы жетишкендиктердин аркасында жасалма интеллект (ЖИ) тез арада заманбап саламаттыкты сактоонун ажырагыс бөлүгүнө айланууда. Жасалма интеллектти колдонуунун ар кандай аспектилерин, мисалы, ооруларды диагностикалоо, алардын өнүгүшүн болжолдоо, оптималдуу дарылоону тандоо, медициналык маалыматтарды талдоо жана башка көптөгөн нерселер айтылган.ЖИнин медицинада колдонулуп жаткан көптөгөн артыкчылыктары,өнүгүүлөрү гана эмес кемчиликтери жасалма интеллектти колдонуудагы тобокелдиктер макалада каралган.