Abstract
Макалада билим берүү чөйрөсүндө жасалма интеллект (ЖИ) негизиндеги платформаларды колдонуу маселелери терең талдоого алынат. ЖИ-платформалардын негизги түрлөрү, функционалдык мүмкүнчүлүктөрү жана заманбап билим берүүдөгү интеграциялык ролу каралат, анын ичинде адаптивдүү окутуу, виртуалдык репетитордук системалар, окуу аналитикасы жана автоматташтырылган баалоо механизмдери. Конкреттүү практикалык мисалдар катары TeachBetter.ai, MagicSchool AI, Khanmigo, Docebo, Absorb LMS, 360Learning жана Yoonee.ai платформалары келтирилет. Макала ЖИ платформаларын окуу процессине педагогикалык жактан интеграциялоодо мугалимдин ролун, компетенциялык талаптарды жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган стратегияларды талдайт. Ошондой эле билим берүүдөгү этикалык, укуктук жана социалдык-менталдык аспектилер каралып, окуучулардын мотивациясын жана жетишкендигин жогорулатуудагы потенциалы белгиленет. Изилдөө ЖИ платформаларынын билим берүү системасын трансформациялоо жана инновациялык өнүгүүгө шарт түзүүчү стратегикалык маанисин баса көрсөтөт.