Abstract
Азыркы учурда дүйнө жүзү барган сайын технологияга көз каранды болуп бара жатат жана акыркы убакта эң көп талкууланган темалардын бири - жасалма интеллект. Бул макалада биз жасалма интеллект заманбап дүйнөдө кыргыз тилин колдонууга кандай таасир этээрин карап чыгабыз. Анткени азыркы учурда эне тилди сактоо жана өнүктүрүү да коомдун маанилүү милдеттеринин бири болуп саналат. Макалада тилдерди сактоого жана жайылтууга салым кошкон жасалма интеллектке негизделген тиркемелер тууралу маалымат берилет.