Abstract
Бул макалада жасалма интеллекттин технологияларын жана ыкмаларын өнүктүрүүнүн азыркы этабынын өзгөчөлүктөрүн ачып берет, аларды ишке ашыруу жогорку технологиялуу ишканалардын өндүрүштүк ишмердигинин натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет. Жасалма интеллект түшүнүгүнүн заманбап интерпретациясы берилген жана анын технологияларын колдонуунун келечектүү багыттары көрсөтүлгөн. Эл чарбасынын ар турдуу тармактарынын ишканаларында жогорку технологиялык продукцияны чыгаруу учун аларды практикалык колдонуунун багыттары аныкталды. Жогорку технологиялуу ишканалардын өндүрүштүк ишмердүүлүгүн башкарууда машиналык окутуу жана когнитивдик эсептөө сыяктуу негизги жасалма интеллект технологияларын практикалык колдонуунун маңызы жана артыкчылыктары көрсөтүлгөн. Негизги жана башка жасалма интеллект технологияларын колдонуудагы программалык камсыздоого интеграциялоону камсыз кылган бир катар алгоритмдер каралууда, бул жогорку технологиялык продуктылар үчүн өндүрүштү башкаруу системаларын колдонуучулардын талаптарына жана керектөөлөрүнө ийкемдүү тууралоого мүмкүндүк берет.