Abstract
Бул макалада маалыматтык технологиялар жана системалардын жардамы менен турларды башкаруу боюнча иштердин структурасы жана ыкмалары баяндалган. Туристтик агенттиктердин ишинде, ошондой эле географиялык маалыматтык тутумдарды пайдаланууда Интернеттин мааниси ачылып берилген. Туристтик кызмат көрсөтүү рыногундагы фирмаларды автоматташтыруунун негизги аспектилери, мүмкүнчүлүктөрү жана артыкчылыктары көрсөтүлгөн. Сертификациялоонун заманбап мүмкүнчүлүктөрү, маалыматтык технологиялардын катышуусу менен турларды баалоо түшүндүрүлөт.